Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жамал Ташибекова дүйнөдөн кайтты

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 607 | 0

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жамал Ташибекова 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Президенттин расмий сайты кабарлагандай, анын сөөгү 13-августта «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Жамал Ташибекова 1980-жылдан 1986-жылга чейин Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп иштеген.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү, 10-12-чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

1980-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, бир эле учурда тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

1997-жылдан 2004-жылга чейин «Кыргызстандын аялдар уюмдарынын Федерациясы» коомдук уюмунун төрагасы кызматын аткарган. Ал жигердүү эмгеги жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир топ медаль, ордендерди алып, «Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси» дипломатиялык рангына татыган.

Жамал Ташибекованын жакындарына президент баш болгон мамлекеттик жетекчилер көңүл айтты.

Жээнбеков С. Ш., Отунбаева Р.И.,  Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Калиева Г.У., Акматов Т.А., Жумагулов А.Ж., Шеримкулов М.Ш., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Эсеналиев Д. А., Айдарбеков Ч.А., Сыдыков Д. Б., Базарбаев К.Б., Сыдыков У.С., Туменбаева Ж.Т., Иманалиев М.С., Асейинов М.А., Саралинов М.У., Кемелбаев Н.К., Атабеков Ж.А., Джангарачева М.К., Джолдошева Ж.А., Суракматов А.Э.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM