Биз менен байланышыңыз

Ошто бир адамда күйдүргү оорусу катталды

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 620 | 0

Оштун Кара-Суу районунда күйдүргү оорусу катталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага жаткырылган 8 тургундун биринен оору аныкталганын кабарлады.

Учурда алардын абалы туруктуу экени айтылды.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө күйдүргү оорусуна шектелип жергиликтүү 8 тургун ооруканага жаткырылган. Алардын бирөөнөн күйдүргү диагнозу аныкталды.

Тиешелүү кызматкерлердин иликтөөсүнө ылайык, бул оору 9 кишинин катышуусунда бодо мал союлгандан кийин катталган. Алар 25-июль күнү уй союп, этин Тогуз Булак, Талдык, Кызыл-Байрак, Беш-Мойнок айылдарына, жалпысынан 285 адам бар үй-бүлөлөргө таратышкан.

«Азыркы учурда абалдары жакшы, антибиотикалык дарыларды алып жатышат. Алар менен байланышта болгон адамдардан оорунун симптомдору пайда боло баштаса, анда коркунуч жаратышы мүмкүн. Анткени бул жугуштуу оору», — деп айтылат маалыматта.

Лабораториялык изилдөө үчүн бейтаптардан анализдер алынып, Чумага каршы бөлүмгө жеткирилди. Ошондой эле, ветеринарлар менен биргеликте мал союлган жерден лабораториялык текшерүү үчүн топурактын үлгүсү алынды.

Изилдөөнүн жыйнтыгында, мал союлган жерден алынган топурактын үлгүсү таза чыкты.

Папан айыл өкмөтүндө бул оорунун жайылуусунун алдын алуу жана жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлүп, комиссиянын кезексиз жыйыны болуп өттү.

Сибирь жарасынын алдын алуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, санитардык эрежелер боюнча маалыматтар берилип жатат.

Сибирь жарасы адамдын терисин, ичеги-карындарын жана өпкөсүн жабыркатуучу жугуштуу оору. Бул илдет мал-жандыктан адамга аба аркылуу же сойгондо жугат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM