Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир суткада 6 бейтап каза болуп, 304 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 275 | 0

12-августка карата Кыргызстанда коронавирус менен дарыланып жаткан 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова кабарлады. Алар Бишкек шаарында — 1, Баткен облусу – 1, Чүй облусу – 1, Нарын облусу – 1, Талас облусу – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 учур.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 484кө жетти.

Акыркы бир суткада коронавирустун жаңы 304 учуру катталды. Анын ичинде, Бишкек шаарында 78, Чүй облусунда 25 учур, Ош шаарында 9, Нарын облусунда 11, Ысык-Көл облусунда 32, Талас облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 20, Баткен облусунда 15, Ош облусунда 32 учур катталды.

Өлкөдө вирус менен катталгандардын жалпы саны 40 миң 759ду түзүүдө.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен дарыланып жаткан 263 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы 33 миң 27 бейтап сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM