Биз менен байланышыңыз

Казакстандан 500 млн кВт саат электр энергиясы импорттолот

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 549 | 0

Быйыл күз-кыш мезгилине карата Кыргызстан Казакстандан 500 млн кВт саат электр энергиясын импорттойт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясы башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров жыйында кабарлады.

Ошондой эле ушул жылдын октябрь айында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14,9 млрд куб метр болору күтүлүүдө. Назаровдун айтымында, бул күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүүгө жетиштүү.

Мындан тышкары, быйыл Нарын дарыясында суунун аздыгына байланыштуу бардык энергетика тутумунун туруктуу иштөөсү үчүн комплекстүү чаралар көрүлүүдө.

Айтмамат Назаров энергетикалык компаниялардын жетекчилерине авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга чакырды.

Ар бир мындай учур дыкат каралуусу керек. Сиздердин иш-аракетиңерди баалоонун критерийлеринин бири болуп, керектөөчүлөргө электр энергиясын туруктуу берүү эсептелет. Райондук электр тармактарынын ар бир жетекчиси, өзгөчө күз-кыш мезгилиндеги авариялык тез-тез өчүрүүлөр үчүн керт башы менен жоопкерчилик тартат”, — деди Назаров.

Copyright © 2017 Maral FM