Биз менен байланышыңыз

Айрым жергиликтүү соттор ротацияланды

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 437 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым жергиликтүү сотторду ротациялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, Абдимиталип Абылакимов Жалал-Абад облустук сотунан Баткен облустук сотуна, Султангазы Жороев Баткен облустук сотунан Жалал-Абад облустук сотуна которулду.

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, мындай ротациялоо процедурасы эки тараптын тең судьяларынын макулдугу менен ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM