Биз менен байланышыңыз

Узарбек Жылкыбаев шайлоого «Республика» партиясы менен барат

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 964 | 0

Узарбек Жылкыбаев «Республика» партиясынын тизмеси менен шайлоого барат. Бул тууралуу ал партиянын жаштар канаты менен менен жолугушуу учурунда расмий жарыялады.

Узарбек Жылкыбаев Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан 8-августта кетти. Ал бул жылы өтүүчү парламенттик шайлоого катышарын билдирген.

Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп 2018-жылдын 25-июлунда дайындалган. Ал ага чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматын жетектеп келе жаткан. Кийин президенттин аймактык ротациялоо саясатына байланыштуу Ош облусуна которулган.

Жылкыбаев 2016-жылдын октябрында КСДП партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM