Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев кызматтык унааны сатып, тез жардам унаасын алат

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 687 | 0

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев облустук администрациянын менчигиндеги кызматтык унаалардын бирин сатып, Каракол шаарына  тез жардам унаасын сатып алат.

Түлөбаевдин айтымында, кызматтык унаалардын бири сатылат же алмашууну каалагандар болсо, мыйзам чегинде тез жардам унаасына алмаштырылат.

Балбак Түлөбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп 27-июлда дайындалган. 2018-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеп келди.

Ысык-Көл облусун буга чейин жетектеген Акылбек Осмоналиев өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM