Биз менен байланышыңыз

Кадамжай: Толук билим албаган окуучулар

Жаңы окуу жылы дистанттык негизде башталары күтүлүүдө. Бирок алыскы райондордо, айрыкча Өзбекстанга чектеш аймактарда интернет жеткиликтүү болбой, мамлекеттик телеканалдар тартпайт. Бул маселе окуучулардын толук билим алуусуна тоскоолдук жаратууда. 

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаш-Тилек айылында мамлекеттик телеканалдар тартпай, балдар өткөн окуу жылынын акыркы чейрегин толук окубай калышкан. Анткени айылда мобилдик интернет жеткиликтүү болгон эмес. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Жолдубай Оболбеков «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, айыл тургундары өзбек телеканалдарын гана көрө алышат. Кыргызстандын мамлекеттик каналдары да, жеке менчик каналдары да тартпайт. Оболбеков бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке кайрылып, жыйынтык ала электигин айтты.

  • Мен өзүм шаарда турам. Айылда ата-энем, иним жашап, балдарым алардын колунда. Онлайн сабак кандай болуп атат десем, тапшырма бербегенин айтышат. Мугалимдер “Баластандан” көрүп алгыла» деп айтышат экен, интернет деле бир тартып, бир тартпай калат. Биз ал жерге көчүп барганыбызга 20 жылдай болуп калды, бир жолу да КТР, ЭлТР тарткан эмес. Биздин аймактын кээ бир жерлеринде көрсөтөт экен. Мисалы, 100 кожолук болсо, ар биринин үйүнө кирип текшерсе болот, көрсөтпөйт. Бир эле «Баластан» эмес, Кыргызстандын эч бир каналы тартпайт, — дейт Жолдубай Оболбеков.

Оболбековдун берген маалыматына таянсак, аталган айылдын окуучулары өткөн жылы толук билим ала албай калышкан. Тургун бул маселе боюнча жооптуу жетекчилерге кайрылып, чечкенге аракет кылып жатканын кошумчалады.

Кадамжай районунун Келечек айылынын окуучулары да жогоруда айтылган тоскоолдуктан окуу жылын аяктоодо кыйналышкан. Алар сабакты калтырбоо үчүн «Баластан» каналы тарткан классташынын же кошуналарынын үйүнө чыгып окууга туура келген.

Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири Кайратбек Сейитмуратов «Марал» радиосуна билдирди.

  • Меникин атайын адистер келип, оңдоп берип кетишти. Бирок тунук алып бере албайт экен. Буга чейин кимдин үйүндө КТРК, ЭлТР тартса, үйүндө ал каналдар көрсөтпөгөн окуучулар ошолордун үйүнө барып, окуп жатышты. Интернет да жакшы тартпайт, орточо. Азыркы учурда коңшуларым да телевизорлорун оңдоп, антенналарды жаңыртып жатышат.

Жогоруда сөз болгон Жаш-Тилек айылындагы №78 мектептин жетекчиси Саадат Акматова «айылда мамлекеттик телеканалдар толугу менен көрсөтөт» деп жатат. Анын оюнда, мобилдик интернет менен да эч кандай маселе жок экен.

  • Интернеттин ылдамдыгын көбөйтүү маселеси боюнча айыл тургундары жогорку жактарга арыз менен кайрылышыптыр. Ошонун негизинде кечээ бизге акимиаттан келип, абалды көрүп кетишти. Негизи бизде бардык эле каналдар тартат, көбү Өзбекстандын каналдарын көргөнгөбү, Кыргызстандын каналдары тартпай калат. Аны ошол антеннаны туура багытка буруп, анан телевизордон жөнгө салуу керек. Акимиаттан келген кызматкерлер бир-эки үйгө кирип, текшерип көрүштү эле, тартып атыптыр, — дейт, мектеп директору Саадат Акматова.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик менен кызматташып, тиешелүү жактарга жардам сурап кайрылуу жибергенин билдирди. Министрликтин маалымат катчысы Акылбек Орозматов өткөн окуу жылынын 4-чейрегиндеги бардык кемчиликтер, катачылыктар эске алынып, алардын үстүнөн иштеп жатышканын айтты.

  • Азыр бардыгы кырдаалга жараша болот. Жаңы окуу жылында окутабызбы, же жокпу, аны тиешелүү министрликтер, республикалык штаб менен кеңешип, алардын чечиминин негизинде ишке ашырабыз. Эгер кырдаал жөнгө салынып, абал турукташып калса, балким окутуп калабыз. Анда да штабдын чечими менен. Окуу жылында кадимкидей эле окуу процесси уланса, бардык санитардык эрежелер сакталат.

Орозматовдун берген маалыматына ылайык, учурда министрлик ар кандай кырдаалга даярдык көрүп жатат. Мисалы, телесабактар өткөн жылдагы кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен тартылууда. Министрликтин божомолу боюнча, жаңы окуу жылынын 1-чейреги дистанттык форматта болот.

Макаланы даярдаган Сагын Сабыров

Copyright © 2017 Maral FM