Биз менен байланышыңыз

Боронов: Стоматолог да, ортопед да коронавирусту дарылоого даяр болсун

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 826 | 0

Дарыгерлер стоматолог, же ортопед болсо да, окуудан өтүп, зарыл болгон учурда бекитилген протоколдорго ылайык коронавирусту дарылоого даяр болушсун. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.

«Мейли ал стоматолог, же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр болсун. Алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдорго ылайык дарылоого онлайн режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу жана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү», — деди өкмөт башчы.

Республикалык штаб медициналык кадрларды даярдоо жана кайрадан даярдоо маселесин карады. Анда айтылгандай, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды диагностикалоо жана дарылоо, жеке коргонуу каражаттарын туура пайдалануу, лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү, иммунопрофилактика боюнча көчмө жана аралыктан окутуу курстары үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө.

Ушул күнгө чейин 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. Учурда алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистери окуудан өтүүдө.

Кубатбек Боронов мындан тышкары, медициналык мекемелерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо иши жетишсиз болуп жатканын, айрыкча айылдардагы ФАПтарга жеке коргонуу каражаттары жеткириле электигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM