Биз менен байланышыңыз

Баткенде 90 орундуу оорукананын курулушу башталды

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 514 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун айтымында, Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды. Ал үчүн Баткен шаарында жайгашкан мурдагы облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Имарат жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштырылат. Оорукананын курулуш иштери үчүн мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

«Учурда иш башталып, бир айлык мөөнөттө курулушту бүткөрүү аракети көрүлүп жатат«, — деп билдирди Абдрахманов.

Нарында да жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула баштады. Пандемиядан улам учурда өлкөнүн бардык аймактарында эски имараттар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, оорукана катары пайдаланууга даярдалып жатат.

Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имарат курулат. Ал үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагынан жер аянты бөлүнүп, курулуштун алгачкы жумуштары башталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда бош жаткан имараттарды оңдоп-түзөп, оорукана катары пайдаланууга берүүнү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM