Биз менен байланышыңыз

Пандемия: Орусиядан 22 миңден ашык кыргызстандык мекенине кайтты

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 340 | 0

2020-жылдын 1-июлунан 31-июлга чейин Орусиядан Кыргызстанга 35 чартердик авиакаттам жана 32 автобус менен 7986 жүргүнчү алып келинди. Анын ичинде Орусиянын 6 облусунан — Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Оренбург, Самара, Санкт-Петербург облустарынан келишти.

20-марттан 3-августка чейин Орусиядан 22 миң 440 кыргызстандык мекенине кайтты. Орусиядан 93 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, туруктуу авиакаттамдар жүргүзүлө элек. Орусия-Казакстан чек арасы жабык.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарды чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарапка барбоого чакырат.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, жарандар төмөнкү дарек боюнча Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнө кайрылса болот:

Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а;

байланыш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM