Биз менен байланышыңыз

Онлайн окуу: Чек арага чектеш айылдагы балдар интернеттин жоктугунан окубай калды

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 572 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылында интернет байланышы жок болгондуктан мектеп окуучулары онлайн окуй албай жатышат. Бул тууралуу «Марал» радиосуна айылдын тургуну Жолдубай Оболбеков айтты. Анын эки баласы мектепте окуйт, бири 5-класста, экинчиси 1-класс.

«Мектептер карантинге жабылган учурдан бери биздин балдар окуган деле жок. Себеби онлайн окутууга интернет иштебейт. Бизде жалаң Өзбекстандын каналдары тартат, бир дагы кыргыз каналдары көрсөтпөйт. Биздин айылдагы мектеп 9-класска чейин эле окутат. Быйылкы окуу жылы да дистанттык түрдө башталат экен, ага чейин биздин айылдын интернет маселесин чечип беришсин деп кайрылат элем», -дейт тургун.

Ак-Турпак айыл өкмөтү Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен жерде. Ал айылда кыргыз телеканалдар тартпайт.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков, пандемия шартында билим берүү аралыктан өтүп жаткандыктан аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырган.

«Биздин милдет – аралыктан окутуу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү болуп саналат. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз жана биздин балдар мектеп парталарына отуруп билим ала башташат», — деп айткан Баатырбеков.

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-жылдагы окуу жылынын биринчи чейреги дистанттык түрдө болорун кабарлаган. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков 1-августта жергиликтүү радиого берген маегинде быйыл 1-класстарды мектепте окутуу туура болорун айткан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM