Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги базарлар кайсы күндөрү дезинфекцияга жабылат?

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 1057 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, базарлар апта сайын дезинфекциялоо үчүн жабылып турат.

Дүйшөмбү күндөрү – “Дордой”, “Аламүдүн”, “Орто-сай”, “Сары-Өзөн”, “Эталон”, “Алкан базары”, “Элит Строй”, “Ак-Суу”, “Кербен”, “Евразия”, “Алтын-Тоо”, муниципалдык базары, “Делюкс”, “Алдаяр”, “Таш-Рабат 1,2”, “Техномаркет” дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабылат.

Шейшемби күндөрү — «Ак-Эмир», «Үйгө Жарашык», «Ыйман», «Ярмарка Мега-Комфорт», «Аалам», «Чолпон», «Шар-Чебер ТЭБ», «Кок Сай», «Арпа» ОсОО «КААР», м/р «Айдин» соода жайлары жабылат.

Шаршемби күндөрү – “Чынар”, “Мадина”,  “Таалай” базарлары жабылат.

Бейшемби күндөрү – “Бабакан” жана “Улар” базарлары;

Жума күндөрү – “Азиз” азык-түлүк базары, “Дордой Дыйкан” базары;

Жекшемби күндөрү – “Ош базарында”, “Уста”, “Баткен” базарында жана  “Комфорт-KG” соода жайында дезинфекциялоо иштери жүргөн үчүн бир күнгө жабылат.

Ал эми унаа тетиктери сатылуучу “Кудайберген” базарында шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү эртең мененки саат 06.00 -10.00гө чейин дезинфекция болот. Бирок базар жабылбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM