Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Ак-Булак айылына таза суу чыгарылат

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 432 | 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылынын 2 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында айтылды.

Жээнбеков Ак-Булак айылындагы таза суу менен жабдуу тутумунун курулушу менен таанышты. Айыл тургундары менен баарлашууда пандемияга карабастан таза суу менен камсыз кылуу долбоорлору ишке ашырыла берерин айтты.

«Жарандардын саламаттыгын сактоону, жалпы эле аймактардагы туризмди өнүктүрүүнү таза суусуз камсыз кылуу мүмкүн эмес. Бул — комплекстүү маселе. Ошондуктан мен бул багытка өзгөчө көңүл бөлүп жатам. Калкты таза суу менен камсыз кылууга бюджеттик каражат менен катар гранттык негиздеги каражат тартылууда. Президенттик мөөнөтүмдүн акырына чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо ниетим бар», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жана АРИСтин маалыматы боюнча, Ак-Булак айылындагы таза суу менен жабдуу тутумунун курулушу Дүйнөлүк банк менен бирге ишке ашырылууда.

Долбоордо узундугу 7800 метр суу түтүгүн орнотуу, 150 метр тереӊдиктен суу чыгаруу, суу топтолуучу жай (резервуар) куруу жана электр зымдарын тартуу, электр трансформаторун орнотуу каралган.

Азыркы учурда курулуш иштеринин 25%ы аткарылган, бир катар көчөлөргө 3700 метр суу түтүктөрү орнотулуп, 1800 метр электр зымдары тартылган, бир трансформатор орнотулду. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында долбоордун бүткөрүлүшү менен айылдын 2 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM