Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук транспорт саат 23:00гө дейре иштей турган болду

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 7528 | 0

3-августтан тарта Бишкекте коомдук транспорттун иштөө режими өзгөрдү. Тийиштүү токтомго шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Эми шаардагы троллейбус, автобус жана кичи автобустар эртең мененки саат 07.00дөн тарта 11.00гө чейин каттайт. Кайра түшкү саат 14.00дөн тарта түнкү 23.00гө чейин каттай турган болду.

Эс алуу күндөрү мурункудай эле коомдук транспорт иштебейт жана дезинфекциядан өткөрүлүшү керек.

Мындан тышкары, аянты 100 чарчы метрден ашык болгон соода борборлору, супермаркеттер, соода комплекстери, соода түйүндөрү күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 24:00гө чейин иштейт.

Борбордогу кафе-ресторандар, коомдук тамактануучу жайлар эртең мененки саат 07.00дөн тарта кечки саат 22.00гө чейин иштейт. Ал эми үйгө жеткирип берүү кызматы санитардык эрежелерди сактоо менен түнү-күнү иштей берет.

Шаардагы базарлар мурдагыдай эле күн сайын эртең мененки саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин иштейт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM