Биз менен байланышыңыз

COVID-19: ӨКМге эл аралык уюмдардан 9 млн сомдук жардам келген

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 541 | 0
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине коронавирус пандемиясынын убагында эл аралык уюмдар 9 миллион сомдук гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров 3-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам катары жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражат жана башка товар келди.

«Гуманитардык жардам көрсөтүүдө эл аралык өнөктөштөр өзүнүн чоң салымын кошушкан – КРнын Кызыл жарым ай улуттук коому, “Врачи без границ” уюму, БУУнун балдар уюму жана Өнүгүү программасы, ОБСЕ жана башкалар. Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топ активдештирилип, анын координациясы менен бир топ жардам көрсөтүлдү», -дейт министр.

Гуманитардык жардамдар аймактык түзүмдөргө, Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара жана салык кызматтары мамлекеттик органдарына бөлүнүп таратылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM