Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жеке коргонуучу каражаттар чыгарыла баштады

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 442 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көл облусунда «Айко Сейко» компаниясы ата мекендик өндүрүштөгү жеке коргонуучу каражаттарды чыгара баштады. Президент Сооронбай Жээнбеков 3-августта, Ак-Суу районундагы атайын кийимдерди тигүүчү «Айко Сейко» ЖЧКсы текстиль ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын жетекчиси Кубан Жусуев маалымдагандай, ишканада күч түзүмдөрү үчүн атайын кийимдер тигип чыгарылат.

«Айко Сейко» аталышы япон тилинен которгондо, ийгиликке, тактыкка умтулуу дегенди түшүндүрөт. Япон компаниялары менен ишкердик жаатында байланыштарыбыз бар. Биз кыргызстандыктарды ата мекендик өндүрүштөгү кийимдер менен камсыздайбыз», — деп билдирди Кубан Жусуев.

Ошондой эле өндүрүш үчүн керек болгон сырттан келүүчү компоненттердин чек арада кармалышы, анын натыйжасында контракттардын мөөнөтү үзгүлтүккө учурап, өнөктөштөр менен келишимдер бузулуп жатканын маалымдады.

Ишканада азыркы тапта 60 кызматкер иштеп жатат. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу үчүн аларды Казакстан, Россиядагы ишканаларга жиберип турушат.

Орус-Кыргыз өнүгүү фондунун төрагасы Азиз Алиев 2018-жылы фонд өндүрүш жана заманбап жабдууларды алуу үчүн бош турган имаратты оңдоп-түзөөгө 590 миң доллар насыя катары бөлгөнүн маалымдады. Үстүбүздөгү жылы фонд жеңилдетилген чен менен россиялык сертификацияланган материалдардан жеке коргоочу каражаттарды өндүрүүгө 100 миң доллар насыя берди.

Өндүрүлгөн жеке коргоочу каражаттар өлкө аймактарына жеткирилет.

Сооронбай Жээнбеков аталган ишканага көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM