Биз менен байланышыңыз

Акыркы бир суткада 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 279 | 0

Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ош шаарында 4, Жалал-Абадда 3, Ысык-Көлдө 5, Нарында 1 жана Баткен облусунда 7 медик ооруну жуктуруп алган.

Ошол эле учурда 8 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининде дарыланып жаткан 33 медициналык кызматкер да айыкты.

COVID-19 вирусун жалпы  2829 медик жуктуруп алган, анын 1853ү  айыкты.

Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус жуктургандардын саны 37 миң 129га жетти. Илдеттен 27 миң 927 жаран айыгып, каза болгондордун жалпы саны 1420ны түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM