Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министри Абдикаримовдун кызматтан кеткени айтылып жатат

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 528 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылып жатат. Маалыматтарга караганда Сабиржан Абдикаримов ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетет.

Президенттин аппараты бул маалыматты расмий билдире элек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Абдикаримов кызматтан кеткен жок, дарыланып жатат.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 8-июлда пневмонияга кабылган. Ошондой эле анын орун басары Нурболот Үсөнбаев да коронавирус жуктуруп алып, дарыланып жаткан.

Сабиржан Абдикаримов 2020-жылдын 1-апрелинде Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. Министрликти буга чейин Космосбек Чолпонбаев жетектеген.


Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM