Болливуд актёру, кино продюсер Сону Суд пандемияга байланыштуу мекенине кайта албай жаткан Кыргызстандагы индиялык студенттерди алып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурууда. Ал 22-июлда аткарылат. Бул тууралуу актёр Твиттердеги баракчасына жазды.
-Кыргызстандагы бардык студенттерге үйгө кайтуучу мезгил келгенин кабарлайм. Биз Бишкек-Варанаси алгачкы чартерин уюштуруп жатабыз. Чартердик каттам 22-июлда болот. Каттам тууралуу толугураак маалыматтар почтаңарга жөнөтүлөт. Башка өлкөлөргө болгон чартердик каттамдар да ушул жума ичинде уюштурулат, — деди актёр.
Буга чейин Кыргызстанда окуган индиялык студенттер социалдык тармак аркылуу бир канча жактарга кайрылышкан. Анын негизиден Сону Суд 4 миңдей студентти алып чыгып кетүүнү убадалаган.
Кыргызстанда 9 миңдей индиялык студент билим алат. Алардын көпчүлүгү медицина жаатында окугандар.