Биз менен байланышыңыз

Ырчы Анжелика президентке кандай сунуштарды берди?

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 1719 | 0

21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүүдө өкмөттүн ишине жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугушту. Ал жыйынга катышкан жарандык активист, алып баруучу Эркин Рыскулбеков эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле сөз эркиндиги тууралуу маселе көтөргөн. Ал Твиттердеги баракчасына:

Эпидемия биздин жакындарыбызды алып кетип жатат. Пандемия учурунда ишсиз калгандар көбөйүп, эркин кыймыл чектелди. Эми бизди сөз эркиндигинен куру калтырбаңыз. «Маалыматты манипуляциялоо» тууралуу мыйзам долбооруна вето коюңуз, -деген өтүнүч келтиргенин жазды.

Президент бул мыйзам тууралуу пикирин жакында билдирерин айткан.

Өлкө башчы менен жолугушууга катышкан ырчы Анжелика Кайратова кайсы маселелерди көтөргөнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында жолугушуу 3 саатка созулду.

Өлкө башчы биздин чоң оорукана ачуу тууралуу сунушубузду колдоду. Ал качан курулары тууралуу тез арада так күнүн айтылат. Мындан тышкары, пандемияга байланыштуу чек аралар жабылгандыктан, элди азык-түлүк менен камсыз кылуу, социалдык дарыкана түзүү, тагыраагы, мамлекет тарабынан дары-дармектин баасын жеткиликтүү кылуу, жети облуска жеткирүү, медициналык кызматкерлердин айлыктарын, кенемтелерин өз убагында берүү маселелерин көтөрдүк. Ошондой эле аялдарга болгон зомбулук маселесин да айттык, -дейт ырчы.

«Биз барбыз» аттуу кыймылдын лидери Урмат Насыкуловдун айтымында, президент менен болгон жолугушуу жакшы маанайда өтүп, бардык катышуучуларга сөз берилди.

Активист: «Президент менен жолугушуу начар өтөт деп күттүк эле, бирок позитивдүү жактары көбүүрөөк болду. Эң негизгиси, өз позициябызды жана пикирибизди эркин бидирүүгө чоң мүмкүнчүлүк болду. Көптөгөн ыктыярчылар эң актуалдуу суроолорду беришти«, -деп өзү көтөргөн суроолордун сүрөтүн жарыялады.

Ага карасак, Урмат Насыкулов президентке ыктыярчылардын улуттук борборун түзүүнү сунуштап, бийликти сындагандарды душман катары кабыл албай, алардын пикирине да ачык болууга чакырган.

Ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан жарандык активисттердин, журналисттердин, блогерлердин куугунттукка алынышы тууралуу нааразылык билдирген.

«Биз айткыбыз келген темалар жана көйгөйлөрдү эч ким чектеген жок. Президент бул көйгөйлөрдү түшүнөрүн айтып, көз жаздымда калбай турганын билдирди. Балким, өлкө башчыга айрым маалыматтар жетпей калып жатса керек. Биз көп маселелерди көтөрдүк. Эми тийиштүү чечим кабыл алынарына үмүт кылам. Жалпысынан, коомдун сынын кабыл алганы жана талкуулаганы купулума толду«.

Президент менен жолуккан ыктыярчылардын дагы бири, журналист Тынчтык Алтымышев жолугушууда эмне маселелер көтөрүлгөнүн фейсбук баракчасына жазды. Ал өкмөттүн ишинин чабалдыгы, пандемияда эл өзүн-өзү гана сактап жаткандыгын айткан.

Тынчтык Алтымышев өлкө башчыга ыктыярдуу айдоочулардын, медайымдардын эрдигин, эмгегин эске алууну, дарыгерлердин коопсуздугунун сакталышын, айлык-акыларын убагында төлөө жана насыя маселеси боюнча сунуштарды айткан.

Президент менен жолугушууга ыктыярдуу кыймылдардын 12 мүчөсү катышты.

Жолугушууга келгендердин тизмеси:

  • Элдар Шабданов — «Бирге» ыктыярчыларды координациялоо борборунун өкүлү;
  • Тынчтык Алтымышев — журналист, «Элден — элге» жана «Элдик медиктер» кыймылдарынын координатору;
  • Наталья Гребнева — «Руки любви» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү;
  • Айзада Жамгырчиева — журналист, алып баруучу;
  • Анжелика Кайратова — меценат, ырчы;
  • Урмат Насыкулов — «Биз барбыз» ыктыярчылар штабынын жетекчиси;
  • Эркин Рыскулбеков — шоумен, «Элим, барсыңбы» ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;
  • Бабур Төлбаев — меценат, «Мол Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;
  • Бермет Усубалиева — Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун өкүлү;
  • Нуриля Чолпонбаева — «Поколение Best!» коомдук бирикмесинин жетекчиси;
  • Абдурахманхаджи Муртазалиев — спортчу, ыктыярчы;
  • Аскар Алмаз уулу — демилгелүү жаштар тобунун өкүлү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM