Биз менен байланышыңыз

Түркияда партия лидери президент Эрдоганга 52 миң $ төлөөгө милдеттендирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 286 | 0

Түркиянын соту оппозициялык Элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу өлкө президенти Режеп Таййип Эрдоганга жана анын туугандарына 369,000 лира (52 миң доллар) төлөп бериши керек деген чечим чыгарды. Бул тууралуу NTV билдирет.

Кемал Кылычдароглу өлкө башчысын каржылык алдамчылык үчүн айыптаган. Сот Кылычдароглу тарабынан берилген документтердин аныктыгын тааныды, бирок акча которуулар мыйзамдуу түрдө жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Эске салсак, Кылычдароглу 2017-жылы ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө Эрдогандын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Мэн аралдарындагы британ компанияларына ири суммадагы акча которгонун тастыктаган документтерди тапшырган.

Эрдоган жана анын адвокаттары документтер жасалма экенин айтып, аны сотко өткөрүп берген.

Президент Кылычдароглудан моралдык зыян үчүн 1,5 миллион лира (300 миң доллардан ашык) талап кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM