Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы түнкү стационарга жетпей бир бейтап каза болгонун тастыктады

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 273 | 0

Бишкектеги түнкү стационарга жетпей бир бейтап каза болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Түнкү стационарлардын ачылган алгачкы күнү эле 282 бейтапка жардам көрсөтүлдү. Анын ичинде 83 адам инфузиялык терапиядан өтүп, ийне сайылды, 197 адам консультация алышты, бир адам ооруканага жаткырылган.

14-июлда жергиликтүү маалымат каражаттары түнкү стационардын ачылышына 15 мүнөт калганда оор абалдагы кызды кабыл алышпаганын жазып чыгышкан.  https://t.me/seychas_kg/4290

Бишкекте эки түнкү стационар ачылып, алгачкы бейтаптарды кабыл алууда. Бул стационарлар түнү бою иштеп, эртең мененки саат 9:00гө чейин ачык болот. Анын бири борбордогу 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан, анда 120 орун бар. Экинчиси Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Консул» ресторанында жайгашып, анда 100 орун даярдалган.

Түнкү стационарлардын ишине медиктер, медайымдар жана санитаркалар тартылган. Шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн атайын мобилдик дарыканалар ачылган.

Мэриядан кошумчалашкандай, бул стационарларда алгачкы медициналык жардамды жашаган жерине карабастан бардык жарандар, ошондой эле Чүй облусунун жашоочулар да ала алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM