Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда коомдук тамактануучу жайлар жабылат

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 511 | 1

Баткен облусунда коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Мындай чечим коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча облустук штабдын кезектеги отурумунда, кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында кабыл алынды.

Ага ылайык,

➖ 15-июлдан тарта аймактагы коомдук тамактануучу жайлар, ашкана, кафе, ресторан, бал муздак сатуучу жайлардын иштөөсүнө убактылуу абал турукташканга чейин тыюу салынат.

➖ 14-июлдан тарта облустун аймагындагы район, шаар аралык коомдук транспорттун каттоосуна убактылуу абал турукташканга чейин токтотуу чечими кабыл алынды.

➖ Район шаарлардын башчыларына кырдаалга жараша райондук, шаардык штабдын чечиминин негизинде карантин киргизүү сунушталды.

➖ Санитардык карантиндик посттон жеке такси кызматтарынын облустун аймагынан чыгууларына тыюу салуу, дыкат көзөмөлдөө, талапты аткарбаган айдоочуларга карата тийиштүү чара көрүү жагы белгиленди.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    14.07.2020 18:00

    Эн туура чара корулуптур, убактылуу карантин киргизуу керек. Карантин убакта мынчалык ооруу тарап, олум болгон жок болчу

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM