Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан коргой турган азыктар аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 559 | 1

Франциядагы Монпелье университетинин окумуштуулары билдиргендей, туздалган капуста, кимчи жана сүт азыктары коронавирустан коргойт. Бул тууралуу The Sun жазды.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, коронавирустун өлүмү төмөн болгон өлкөлөрдүн жарандары капустанын ар кандай түрлөрүн көп пайдаланышат.

Германиянын жана Түштүк Кореянын жашоочуларынын менюсу дайыма туздалган жана ачытылган жашылчаларга негизделген тамактарды камтыйт.

Антиоксиданттар бар мындай азыктар иммундук системаны бекемдеп, инфекциянын алдын алат. Ошондой эле катуу коронавирус жуктуруу ыктымалдыгын төмөндөтөт. Ошондуктан бул өлкөлөрдөгү адамдар COVID-19 жуктуруп алгандан кийин айыгып жатышат.

Коронавирустук инфекциялардын өлүмү Грецияда, Болгарияда жана Түркияда дагы байкалат. Аталган өлкөлөрдө адамдар айранды жакшы көрүшөт. Бул сүт азыктарында антиоксиданттар да бар, бирок туздалган азыктарга караганда аз.

Эскерте кетсек, июнь айында испаниялык диетолог Александро Кановас дем алуу системасын жана бүтүндөй организмди чыңдоо үчүн бир катар жөнөкөй азыктарды диетага киргизүүнү сунуш кылган.

Анын айтымында, мындай азыктардын бири тоок жумурткасы.

1 пикир

1 пикир

  1. Шарвпат Ракыева

    16.07.2020 15:28

    Марал радиосу учун кызмат корсотуп жаткан жарандарга терен ыраазычылык билдирем.Сиздерге бекем ден соолук, узун омур каалайм.Сиздердин билдируулор мага аябай жагат.Мен пенсияда, азыркы кырдаалга карата уйдон чыкпай жатам.Оптима банктан счет ачыпсыздар азыркы илдетке жардам беруу учун.Чон рахмат айтам.Пенсияды алсам мен да аз да болсо комок корсотом буюрса

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM