Биз менен байланышыңыз

Отставкадагы судья Каттообек Абышов дүйнө салды

Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 287 | 0

Отставкадагы судья Каттообек Абышов 66 жашында көз жумду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

К.Абышов 1954-жылы 28-августта Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Сары-Камыш айылында туулган.

Эмгек жолун 1972-жылы Нарын облусунун Жумгал аскердик комиссариатында баштаган.

— 1978-1994-жылдары Тянь-Шань райондук сотунда иштеген;

— 1996-1999-жылдары Нарын облустук сотунда судья;

— 1999-2002-жылдары Нарын шаардык сотунда төраганын орун басары;

— 2002-2007-жылдары Нарын райондук сотунун төрагасы;

— 2007-2016-жылдарга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун судьясы болуп эмгектенген.

Отставкадан кийин жактоочу болуп ишмердүүлүгүн улантып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM