Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Москвадан 426 жаран учуп келди. Арасында 45 медкызматкери бар

Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 512 | 0

Бүгүн, 12-июлда «Аэрофлот – Орусия аба жолдору» авиакомпаниясынын Москва – Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 426 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, келгендердин арасында Орусияда иштеген кыргызстандык 45 дарыгер жана медицина кызматкери бар.

Жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргызстан менен Орусиянын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.

«Аталган каттам менен Орусияда иштеген кыргызстандык 45 дарыгер жана медицина кызматкери учуп келди. Алар коронавирустук инфекция менен күрөштө мекендеги кесиптештерине көмөктөшөт. Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM