Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 719 адамдан аныкталды. Жалпы 10 600дөн ашты

Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 687 | 0

2020-жылдын 12-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 719 учур катталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Жаңы учурлар катталган аймактар:
Бишкек ш. – 500
Чүй облусу — 96
Ош ш. — 37
Ош облусу — 20
Жалал-Абад облусу — 10
Баткен облусу — 34
Ысык-Көл облусу — 15
Нарын облусу — 1
Талас облусу — 6

Республика боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 10629ду түздү. Стационарда – 670, алардын ичинен реанимацияда – 24 бейтап бар. Үй карантининде дарылангандар – 6440.

12-июлга карата бир сутка ичинде 151 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Республика боюнча жалпы 3387 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ал эми каза тапкандар 132 киши.

Copyright © 2017 Maral FM