Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун кесепетинде дагы 7, жалпы 132 киши көз жумду

Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 276 | 0

Республикалык штаб билдиргендей, өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 3 (эркектер -37, 57 жашта, аял, 58 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 57 жашта);
Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 64 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (эркектер — 36, 52 жашта);

Коронавирустун кесепетинде каза болгондордун жалпы саны 132 кишини түздү.

Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Анын ичинен 22 адам республика боюнча жана Бишкекте 19 адам. Март айынан бери пневмониядан улам каза болгондордун жалпы саны – 423 адамга жетти.

Коронавирус 719 адамдан аныкталды. Жалпы 10 600дөн ашты

Copyright © 2017 Maral FM