Биз менен байланышыңыз

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов көз жумду

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 3842 | 0

Аалымдар кеңешинин мурдагы мүчөсү, белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов оорудан улам көз жумду. Анын жаназасы 11-июль күнү Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында болот.

Чубак ажы Жалилов буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызматын да аркалаган. Ошондой эле «Марал» радиосунун «Аалымдан асыл жооп» программасы аркылуу көптөгөн кыргызстандыктардын диний суроолоруна жооп берип, кеңеш берип келген.

Устаз Чубак ажы Жалиловдун жакындарына жана кыргызстандыктарга «Марал» радиосу кайгыруу менен көңүл айтат.

Copyright © 2017 Maral FM