Биз менен байланышыңыз

Президент: ЕАЭБке экспорт жасачу ишканалардын саны дээрлик 7 эсеге өстү

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 313 | 0

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге айыл чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүү үчүн жасаган иштин алгылыктуу жыйынтыгы бар. Азыр аталган биримдикке экспорт кыла турган ишканалардын саны дээрлик 7 эсеге өстү. 2017-жылы алардын саны 21 болсо, бүгүнкү күндө 140тан ашты. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты.

Анын айтымында, Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон товарлардын көлөмү былтыр 25 пайызга өстү.

КРдин экспорттук потенциалы жогору. Экологиялык жактан таза продукцияларыбыз менен тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук бере алат.

-ЕврАзЭс, Европа өлкөлөрү менен гана чектелбестен, жакынкы коңшубуз Кытайдын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн да толук пайдалануубуз керек. Кытай тарап менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр болгон. Ал биз үчүн ири рынок, ортодо тоскоолдуктар жок. Буга чейин 5-6 позицияда Кытайга экспортко чыгып жатсак, эми муну көбөйтүү керек. Бул багытта өкмөт тынбай иш алып барууга милдеттүү, — деди Жээнбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM