Биз менен байланышыңыз

Монголияда этникалык кыргыз депутаттык мандат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 1081 | 0

Монгол Элдик партиясы өлкө боюнча толугу менен жеңишке жетишкенине карабастан, айрым провинциялардагы оппозициялык Демократиялык партия бир нече мандатка ээ болду. Бул тууралуу centralasia.media жазды.

Ага ылайык, Баян-Өлгий облусунда Монгол Элдик партиясынын өкүлдөрү 2-орунга ээ болушту. Демократиялык партиянын өкүлү, Монголиянын эмгек сиңирген доктору, этникалык кыргыз Булана Бейсен баш болгон кишилер райондо үч мандат менен 1-орунга ээ болду.

Ошондой эле аны менен бирге Хавдисламин Баделхан жана Телухан Аубакир Элдик Партиядан депутат шайланышты.

Булана Бейсен хирург жана Өлгий шаардык ооруканасынын башкы дарыгери болуп эмгектенет.

Булана Бейсен 2015-жылы wordpress.comго берген маегинде: «Монголияда 100 миңден  ашуун казак жашайт. Ошондой эле, алар менен бирге 2-3 миңдей кыргыздар да жашайт. Кыргыздар жалпы 400 үй-бүлөнү түзөт. «Паспорт боюнча биз казакпыз» (Курман уруусу) деп айтышат. 1999-2000-жылдары Монголиянын өкмөтүнө кайрылып, паспорттогу «улут» деген тилкеде бизди «кыргыз» деп көрсөтүшүн өтүнгөнбүз. Бирок бул оюбузду ишке ашыра алган жокпуз. Кыргыз тили эзелтен эле унутулуп, бири-бирибиз менен казак тилинде сүйлөшөбүз. Бирок кыргыздардын ак сөөктөрүн баары жакшы билишет. Биздин облус Баян-Өлгий деп аталат жана биз көбүнчө Улаанхус, Сагсай, Бугат жана Ногоннуур  деп аталган айылдарда жашайбыз. Быйыл менин бир тууганым Жоламан Булан монгол кыргыздары жөнүндө китеп чыгарды», — деп айткан.

Баян-Өлгий — Монголиянын 21 облусунун бири. Аймакта негизинен казактар ​​(90,4%ы) жашайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM