Биз менен байланышыңыз

Түркия 10-июндан баштап 40 өлкөгө аба каттамдарын улантат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 1148 | 0

10-июндан баштап Түркия 40 өлкөгө аба каттамдарын улантат. Бул тууралуу өлкөнүн транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу билдирди.

-Эл аралык каттамдар ушул айда башталат, 40 өлкөгө каттамдар улантылат. Болгария, Катар, Греция, Бахрейн жана Түндүк Кипрге учуулар 10-июнда башталат, — деди ал NTV телеканалына берген маегинде.

Министрдин айтымында, Анкара биринчи баскычта рейстерди калыбына келтирүү үчүн 15 өлкө менен алгачкы макулдашууга жетишти.

-Учурда биздин Түндүк Кипр, Австрия, Литва, Сербия, Казакстан, Албания, Беларусь, БАЭ, Молдова, Өзбекстан, Украина, Марокко, Иордания, Судан жана Италия менен келишимдерибиз бар, — деди Караисмаилоглу .

Түркияда ички каттамдар 1-июнда калыбына келтирилди. Turkish Airlines авиакомпаниясы 18-июндан тарта Европага эл аралык каттамдарды баштай тургандыгын жарыялады.

Эске салсак, коронавирустун өлкөдө жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында, эл аралык жана ички каттамдар март айынын аягында токтотулган. Түркияда коронавирусту жуктурган адамдардын саны 166 миңден ашуун, 4 609 адам каза таап, 130 852 адам айыгып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM