Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин өзгөчө кырдаалга карабай кафеге барганы сынга кабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2020 | 549 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө киргизилген өзгөчө режимин бузуп, Хмельницкийдеги кафелердин бирине барды. Тийиштүү сүрөт мамлекет башчынын Инстаграмдагы баракчасында пайда болду.

Сүрөттө Зеленский эркектер менен кошо бир дасторкондо кофе ичип отурганын көрүүгө болот. Негизи эле Украинанын ресторандарына жана кафелерине 5-июндан баштап гана иштөөгө уруксат берилген.

Президент Зеленский Инстаграмдагы сүрөтүнүн астына: «Хмельницкидеги кофе! Жыпар жытту жана даамдуу! Биринчи кафелер карантинге алынган эле, биз коронавирустук эпидемиядан айыгып жатабыз», — деп жазып койгон. Анын бул посту нааразычылыктарды да пайда кылды. Себеби президент баш болуп өзгөчө кырдаал режимин бузду,-деген сындар айтылууда.

Көбүнчө жаштар шаардын ушул бөлүгүнө келишчү, мамлекет башчысынын келиши «чоң толкундоолорду» жаратты. Зеленскийдин визитинен соң, аталган кафеге көп эл чогула баштады.

Учурда Украинада коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 24 823кө жетип, 735 бейтап көз жумуп, 10440 айыккан.

Эскерте кетсек COVID-19 пандемиясы дээрлик бүт дүйнөнү каптады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 6,2 миллиондон ашык адам ооруп, дээрлик 380 миң адам каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM