Биз менен байланышыңыз

Дагы 38 адамдан коронавирус аныкталды. Көбү — Нарында

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 1014 | 0

Бүгүн, 24-майга карата Кыргызстанда дагы 38 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 38 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 5 + 1 Санкт-Петербург ш. келгендерден
Чуй облусу — 3 Соль-Илецк ш. келгендерден
Нарын облусу — 25
Ош облусу — 2
Жалал-Абад облусу — 1
Баткен облусу — 1

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шары – 7
Жалал-Абад облусу – 1
Нарын облусу – 7
Баткен облусу – 3
Ош облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1403 адамга жетти. Алардын ичинен 980 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM