Биз менен байланышыңыз

Дагы 15 адам коронавирус жуктуруп, 8 адам айыкты

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 817 | 0

Бүгүн, 23-майга карата Кыргызстанда дагы 15 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 15 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 3 + 9 (Санкт-Петербургдан келгендер);
Чуй облусу — 1;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 1.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 8 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 4;
Нарын облусу — 2;
Жалал-Абад облусу — 1;
Ош облусу — 1.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1365 адамга жетти. Алардын ичинен 957 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM