Биз менен байланышыңыз

Дагы 37 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 679 | 0

Бүгүн, 22-майга карата Кыргызстанда дагы 37 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 37  учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 6 + 3 (Санкт-Петербургдан келгендер);
Чуй облусу — 1 (Соль-Илецктен келгендерден);
Ош облусу — 6;
Нарын облусу — 21.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 20 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 9;
Нарын облусу — 7;
Жалал-Абад облусу — 2;
Баткен облусу — 1;
Ысык-Көл — 1.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1350 адамга жетти. Алардын ичинен 949 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM