Биз менен байланышыңыз

Шайлоо босогосун жети пайызга төмөндөтүү сунушталууда

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 469 | 0

Бүгүн, 14-майдагы парламенттин жыйынында «КРдин Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамынын долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Талант Мамытов мыйзам долбоору аркылуу тиешелүү конституциялык мыйзамдын 64-беренесинде каралган пайыздык босогону төмөндөтүү максатталганын белгиледи.

«Саясий партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн шайлоо босогосун 9 пайыздан  7 пайызга төмөндөтүү сунушталууда»,— деди Мамытов.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров республикадагы парламентаризмди күчтөндүрүү максатында шайлоо босогосун төмөндөтүүгө болбой тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары эл өкүлү Нурбек Тотонов да ар бир шайлоонун алдында шайлоо босогосун азайтуу туура эмес экендигин кошумчалады.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Талант Мамытов:

«Шайлоо босогосунун 7 % болушу парламентке ар кандай партиялардын келишине жол ачып, ойлордун көп түрдүүлүгүн камсыздайт», — деди.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорун колдосо, депутат Умбеталы Кыдыралиев учурга жараша шайлоо босогосун 7  пайызга төмөндөтүү өтө зарыл экендигине токтолду. Ушундай эле пикирди эл өкүлү Жыргалбек Турускулов да айтты.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM