Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Тажикстанга көмөктөшүү үчүн дарыгерлер тобун жиберди

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2020 | 552 | 0

Өзбекстан Тажикстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн көмөктөшүү максатында атайын дарыгерлер тобун жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү багытында атайын даярдыктан өткөн өзбекстандык дарыгерлер тобу Тажикстанга барып көмөктөшөт. Аларды өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Алишер Шодмонов өзү аба майдандан узаткан. Министрдин айтымында, дарыгерлер тажикстандык кесиптештерин коронавирус менен күрөшүү боюнча окутушат жана тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Тажикстанга дарыгерлерди жиберүүнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев демилгелеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM