Биз менен байланышыңыз

Дагы 13 адамда коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 815 | 0

Бүгүн, 28-апрелге карата коронавирус инфекциясы боюнча жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсенбаев билдирди.

Жаңы учурлардын аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 3;
Чуй облусу – 6;
Нарын облусунда -2;
Жалал-Абад облусу — 2.

Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 708ге жетти.  416 адам оорудан айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM