Биз менен байланышыңыз

Президент баш болгон аткаминерлер Иманалиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 1526 | 0

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, актаңдай төкмө акын, обончу, дастанчы, манасчы, актер Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында катарынан бөлүнүп, дүйнөдөн көчтү. Анын сөөгү 22-апрелде Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилеринин, чыгармачыл чөйрөнүн атынан жарыяланган некрологдо кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учураганы айтылды.

Анда белгиленгендей, учурунун залкарлары Эстебес, Тууганбай, Ашыралы сыяктуу жез таңдай акындардан таалим алган акын Элмирбек Иманалиев боордош казак бир туугандарыбыздын зор алкоосуна да ээ болгон.


Акын Элмирбек Иманалиевдин өмүр баяны, чыгармачылыгы, жетишкендиктери…


«Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талант, анын жараткан обондору жалпы элибиздин жан дүйнөсүнөн түнөк таап, кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган. Ал манасчылык, дастанчылык өнөрдү туу тутуп, кыргыздын атактуу эпосторун, дастандарын жогорку чеберчилик менен аткарып келди. Элмирбек Иманалиев Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында драматург С. Алтымышевдин «Токтогул» драмасында — башкы ролду ойноп, Токтогулдун  жаркын образын жараткан.

Таланттуу акын, ак таңдай төкмө Элмирбек Иманалиев өмүрүнүн акыркы жылдары «Айтыш» коомдук фондунун устаты, «Төкмө келсе төр бошот» теле долбоорунун негиздөөчүсү, жаш акындардын  өнөр устаты болуп келди.

Элмирбек Иманалиевге маданиятка кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамы ыйгарылган.

Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары Эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элбиздин  жүрөгүндө түбөлүк жашайт.

Жакындарына,  туугандарына, өнөр кесиптештерине  терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз!»- деп жазылат некрологдо.


Эл акыны Элмирбекти эскерүү… (жоктоо ырлары)

Copyright © 2017 Maral FM