Биз менен байланышыңыз

Түркиядан 212 жаран Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 432 | 0

“Манас” эл аралык аэропортунда бүгүн, 17-апрелде Стамбулдан чартердик рейс менен келген 212 мекендешибиз тосулуп алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.

Алардын баары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.

Copyright © 2017 Maral FM