Биз менен байланышыңыз

Трамп Путин менен падыша Салманга ыраазычылык билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Апр 2020 | 1124 | 0

АКШ президенти Трамп Орусия президенти Путин менен Сауд падышасы Салманга рахмат айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн «Твиттер» аккаунтунда жазды.

«ОПЕК+ тарабынан эң маанилүү келишим ишке ашты. Бул келишим энергетика тармагында эмгектенген жүз миңдеген америкалыктардын жумуш ордун сактап калганга шарт түздү. Мындан улам, аталган келишимдин ишке ашуусуна салым кошкону үчүн Путин мырза менен падыша Салманга рахмат айтам. Алар менен телефон аркылуу да сүйлөштүм. Бул баарыбыз үчүн пайдалуу келишим болду», — деп жазган Трамп.

Кошумчалай кетсек, 9-апрелде ОПЕК+ мамлекеттери 10 сааттан ашыкка созулган жыйын өткөрүп, бирок мунайды казып алуунун көлөмүн кыскартуу боюнча бир пикирге келе алган эмес. Ал эми бул жыйын кечээ кайра уланып, ОПЕК+ мамлекеттери күнүмдүк мунай казып алуунун көлөмүн 9,7 миллион баррелге чейин кыскартууга макулдашышкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM