Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Кыргызстанга гумжардам катары 1000 тонна ун жана медициналык каражаттарды берет

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 1827 | 0

Өзбекстан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жиберет. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматта Өзбекстан тарап Кыргызстанга гуманитардык жардам катары – ​​1000 тонна ун,  7000 комплект медициналык коргонуу костюмдарын, 200 даана N95 респираторун, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест системаларын бере турганы айтылат. Гуманитардык жардам боюнча сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги жүргүзгөн.

Көрсөтүлгөн гуманитардык жардам Кыргызстанга 2-апрелде келери күтүлүүдө.  

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM