Биз менен байланышыңыз

Жек Манын фонду Кыргызстанга гуманитардык жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 3071 | 0
Кытайлык миллиардер, Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма жана анын кайрымдуулук фонду Азиядагы 7 мамлекетке гуманитардык жардам жибере турганын жарыялады. Алардын арасында Кыргызстан да бар. Бул тууралуу «Рейтерс» маалымат булагы жазды.
Жек Манын кайрымдуулук фонду жардам бере турган өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Бутан жана Вьетнам да бар.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, аты аталган жети өлкөгө 1,7 млн беткап, 165 миң тест, коргоочу кийимдер жана медициналык аспаптар (жасалма дем алдыруучу аппарат жана температураны өлчөөчү тепловизор) Жек Ма фонду тарабынан жиберилмекчи.

Кошумчалай кетсек, аталган фонд буга чейин Орусия, АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрүнө да гумжардам берген болчу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM