Connect with us

Валюта рыногундагы абал: Эксперттерден ишкерлерге кеңеш

10-март күнү Бишкекте доллардын сомго карата курсу кескин жогорулаган. Улуттук банк буга өнөктөш өлкөлөрдүн базарларында ири калкуулар орун алып, ага экспортко багытталган товарлар, негизинен, мунай, кара металл жана башка продукцияларга байланыштуу болуп жатканын билдирген. Мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов чет элдик валюталардын кескин түрдө бааларынын өзгөрүүсү Кыргызстанга түзмө-түз таасир тийгизбей турганын белгилейт.

Бул теманын тегерегинде «Тредстоун Капитал Партнерс» компаниясынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев жана FSDS уюмунун жетекчиси Муратбек Исмаилов менен «Экомайдан» программасында маек курдук. Суроолорду Фархад Пакыров узатты.

Валюта курстарындагы өзгөрүүлөр ишкерлерге, калкка кандай таасирин тийгизет? Кыйынчылыкка алып келүү коркунучу барбы, жокпу?

Темиралиев:

— Албетте, күтүлбөгөн жагдай болду. Буга чейин рублдин курсу 2008-2009 жана 2014-2015-жылдары түшүп кеткен. Мындай өзгөрүүлөр Кыргызстандын сомуна да катуу таасир этчү. Азыр да бизнес коомчулугуна, жөнөкөй жарандарга жана мамлекетке кыска мөөнөткө терс таасирин тийгизет. Бирок узун мөөнөттү алып карасак, бул жерде утушка ээ боло турган да жагдайлар бар. Менин жеке пикиримде, ишкерлерибиз узун мөөнөткө даяр болушу керек. Анткени валютанын кескин өзгөрүүсү сыяктуу кырдаалдар тездик менен өтүп кетпейт. Ар бир ушундай абалдын артында фундаменталдык көрсөткүчтөр бар. Экономикага бардык нерсе 2 тарап менен таасир этет. Биринчиси — фундаменталдык факторлор болсо, экинчиси — эмоционалдык факторлор. Маселен, Орусияда рублдин курсу 72-73кө көтөрүлүп кеткенде фундаменталдык факторлордын таасири КРге тие электе эле эл эмоцияга алдырат. Кесепет 6-7 айдан соң тие турган болсо да, аны бир күндө тийгизип салышат. Экинчиден, чоң оюндар болуп жатат. Биз кичинекей мамлекетпиз. Азыр валюта курсундагы өзгөрүүлөрдүн качан бүтүшүн эч ким билбейт. Бизде соода балансында эбегейсиз тартыштык бар. Башкача айканда, КР көп товарларды импорттойт. Кытайда коронавирустан улам, айрым өндүрүштөр ишин токтотту. Мындан сырткары, доллар көтөрүлүп кеткен соң, товарларды эски баа менен алуу кыйын. Ошентип, эки фактордун айынан товардын наркы өстүп жатат. Эки фактор тең биздин ишкерлерге терс таасирин тийгизет.

— Ишкер абалдан кыйналбай өтүп кетиши үчүн учурда кандай кадамга барып, эмнелерди эске алышы керек? 

Исмаилов:

— Ар бир ишкер өзүнүн валюталык көз карашына көңүл бурушу керек. Тагыраагы, ишкердин киреше булагы менен милдеттенмелери эки башка валютада болсо, ортодо ачык валюталык тобокелчилик пайда болот. Ал колдон келишинче кичинекей болушу кажет. Жөнөкөй тил менен айтканда кайсы валютадан киреше тапсак, ошол валютада милдеттенмелерди алышыбыз зарыл. Бул боюнча ишкерлер атайы адистерге кайрылып, кеңеш алышы абзел. Мындан сырткары, юристтерге да кайрылышын сунуштайм. Балким, валюталык тобокелчиликтерди төмөндөтүү куралдарын колдонууга болот. Бул боюнча юристтер жардам беришет.

— Ал эми мамлекет кандай кадамдарга барышы керек?

Темиралиев:

— Бул жерде көйгөй акчанын жоктугунда эмес. Каражат бар. Ишкер насыяны алып, иштетип, кайра кайтарып бере алабы, маселе ушунда. Капитализмдин шартында азыркыдай абал жаралганда демейде кичи компаниялар жабылып калат. Ал эми жакшы иштеп жаткан ишканалар ортодо калат. Ошондуктан мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө турган болсо, жеңилдик баарына бирдей каралышы керек деген ой келиши мүмкүн. Бирок мындайда эффективдүү жана начар иштеп жаткан компанияларга бирдей үлүш тиет. Айталы, кайсы бир компания жаңы тетик сатып алууну пландап жатат дейли. Аны насыя каражатына алабы, инвестиция тартабы абал бирдей. Мен бир көйнөктү 100 сомдон сатып жатып, азыр доллар көтөрүлүп кетти деп 150 сомго сата албайм. Анткени атаандаштык бар. Ишкерлер жаңы бааларга көнүп кеткенче убакыт өтөт. Ал 3, 6 ай же бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Ошондуктан, инвестиция тартып алган компаниянын 5 жылда чыгашаны актайм деген планы, 6-7 жылга созулуп кетиши ыктымал. Экинчиден, 100 көйнөк сатууну пландаган болсо, ал 50 даанага түшүп калышы мүмкүн. Мындан улам, көйгөй каражаттын жоктугунда эмес. Маселе — туура башкаруу, алдын ала эсептөөлөрдө болот. Эгерде ишкер бирөөгө узак мөөнөткө акча берсе, доллар менен эсептешкени оң. Ижара акыларын доллар менен эмес, сом менен сүйлөшүшсө туура болмок. Дагы бир жагдай, бизде ушундай кризис болсо, анын кесепети дароо ишкерге тийип жатат. Бул жерде банктарга эч кандай таасири тийбейт. Бул туура эмес. Анткени тобокелчиликти ишкер да, банк да бирдей алышы керек.  Азыр да кыйынчылыкка түшүп калган ишкерлер банктар менен сүйлөшүп, валютаны алмаштырышы керек. Анткени жоопкерчилик жалгыз гана ишкердин мойнунда эмес.

— Саналуу күндөрдүн ичинде валюта рыногунда өзгөрүүлөр болуп, кайра өз ордуна келиши мүмкүнбү? 

Темиралиев:

— Жеке пикиримде, дароо эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Биринчи толкун өтүп кетти. Учурда бираз күтүп туруу керек. Валюта рыногундагы абал бираз турукташканда иштерди пландап баштаса болот. Доллардын баасы кайра 69 сомго түшөрүнө ишенич жок. Бул боюнча мамлекетти да кыйноонун кажети жок. Анткени топтолгон резервди жөн гана чачып салган болобуз, орто жолдон башкалар колдонуп кетет.

Исмаилов: 

— Улуттук банк доллар кескин жогорулап кетпесин деп интервенция кылып, курсту кармап турат. Балким, аны дагы бираз коё берүү керек деген пикирлер бар. Анткени ата мекендик өндүрүүчүлөгө залакасы тийип жатат. КРде өндүрүлгөн продукциялардын наркы башка өлөлөрдүн товарларына салыштырмалуу кымбат болушуна себеп болууда. Ошол эле учурда интервенция кылынбаса, карапайым калкка залакасын тийгизип алуу коркунучу бар. Бул жерде терең анализ жасоо зарыл.

Темиралиев: 

— Кытайда ишканалар кайра иштей баштаган чакта да биздин ишкерлерди алдыңкы планга койбойт. Анткени дүйнө жүзүнүн баары «биздин товарларды эртерээк чыгарып бергиле» деп Кытайга келет. Мындан улам КР сыяктуу кичинекей мамлекеттер тизменин артында калып калат. Аны да эске алуу зарыл. Ал эми рублдин кунунун өзгөрүүсү барып-барып биздин ишкерлерге да залакасын тийгизет.

— Рублдин арзандашы Орусияда иштеген мигранттарга, КРге кандай таасирин тийгизет?

Исмаилов:

— Албетте, рублдин кунунун түшүүсү мигранттар жиберген каражаттын көлөмүнүн азаюусуна алып келет. Эмнеге биз Орусиянын экономикасына көз карандыбыз? Эмне себептен башка өлкөлөр менен соода алакасын түзүп, альтернатива издебейбиз? Мүмкүнчүлүктөрдү диверсификация кылууну үйрөнүшүбүз керек.

Темиралиев: 

— Мигранттардан келип жаткан каражат бир гана курсту кармап турбастан ички суроо-талапты да камсыздачу. Алсак, курулушка канчалаган ишкерлер байланган. Курулуш тармагы мигранттардан келип жаткан акчанын эсебинен каржыланып жаткан. Бара-бара мигранттардан которулган каражаттын көлөмү кыскарып, экспорт өспөй жатса, ар бир ишкер сомго карата басым бар экенин түшүнүп, ишти доллар менен алып баруусу кажет.

— Эми каражатты ысырап кылбоо үчүн ишкерлер кандай кыскартууларга барышы зарыл? 

Исмаилов:

— Ишкерлер ар дайым ресурстарын эффективдүү пайдаланышы керек. Тойго каражат коротсок, акча айланып жатат. Ар бир ишкер каражатын эсептеп, кайда, канча сарптарын анализдеши шарт. Изденүүгө туура келет.

Темиралиев: 

— Биринчиден, кыргыздар акча топтоону үйрөнүп, карыздарды азыраак алышы керек. Тактап айтканда, карыз бизнес үчун алынса болот. Бирок той, жакшылык, жамандыктар үчүн карыз алууну токтотуу керек. Экинчиден, топтолгон каражатты же бизнеске, же ден соолугуна, же билим алууга инвестиция кылуу кажет. Карыз алып, күнүмдүк жашоосун өткөргөн өлкөлөрдүн соңу жакшылык менен бүткөн эмес. Ошондуктан, ысырапкорчулуктан алыстап, приоритеттерди бираз өзгөртүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM