Биз менен байланышыңыз

Мирзиёевдин «Жаңы Өзбекстан — келечеги кең өлкө» аттуу китеби түркчөгө которулду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 566 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тандалган чыгармалары түрк тилине которулуп, Түркияда басылып чыкты. Жыйнак «Жаңы Өзбекстан — келечеги кең өлкө» деген аталыш менен жарык көргөн. Бул тууралуу Өзбекстандын президенттик аппараты маалымдаганын эл аралык басылмалар жазып чыкты.

Китеп Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги, Китепкана жана басма үйлөрү боюнча башкы башкармалыгы, Түркиянын Ташкенттеги элчилигинин демилгеси менен басылып чыккан.

Түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган китепке рецензия жазып, өлкөнүн маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жыйнактын таанытуу иштерин даярдаган.

«Шавкат Мирзиёев үч жыл аралыгында көп жалындуу сөздөрдү айтты. Сөзгө чыккан учурлары  тарыхый окуя катары бааланат. Жалындуу кептер адегенде өзбек жана орус тилдеринде жеткиликтүү болсо, кийинчерээк көптөгөн чет тилдерге, анын ичинде түрк тилине которулуп, китеп болуп басылып чыкты», — деп жазылат маалыматта.

Китептин биринчи басылышы 1000 нускада жарык көрүп, Улуттук китепкананын ачылуу аземине карата Анкарага барган Мирзиеёвге белекке тапшырылган.

Эске салсак, 2020-жылдын 20-февралында Анкара шаарында Улуттук китепкананын ачылуу аземи өткөн. Ага Түркиянын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Мирзиёев жаңы китепканага 350дөн ашуун китеп белек кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM