Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Митингге тыюу салуу сунушу менен сотко кайрылабыз

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 893 | 0

Бишкек шаардык мэриясы борбор калаада болгон митинг тууралуу пикирин билдирди. Анда болгон окуяны жолдорду жабууга, милиция кызматкерлерине кол салууга, Ак үйгө кирүүгө аракет жасалган, шаардын тынчтыгын бузган башаламандык катары баалады.

-Учурда келтирилген чыгым аныкталып жатат. Митингдин уюштуруучуларына өлкөдөгү абалды туруксуздаштырган башаламандык уюштуруу керек болгону айдан ачык болуп турат. Бул кырдаал шаардын тургундарын, бизнес чөйрөсүн жана туристтерди сестентет,-деп айтылат билдирүүдө.

Абалды курчутпай, тынчтыкты орноткону үчүн шаардык милиция кызматкерлерине ыраазычылык айтып, алардын штаттык режимде иш алып барарын билдирген.

Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтындагы окуядан жана коронавирус эпидемиясынан сактануу максатында калаа борборунда митинг өткөрүү сунушу менен сотко кайрыларын эскертти.
Ал эми укук коргоо органдары болгон окуя боюнча уюштуруучуларга юридикалык баа берерин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM