Биз менен байланышыңыз

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду фото сүрөт сынагын жарыялады

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 1152 | 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду фото сүрөт сынагын жарыялады. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Сынакка Кыргызстандын бардык жарандары, чет өлкөдө жашаган мекендештер дагы катыша алат жана эч кандай чектөө жок.

Кызыктуу, күлкүлүү, сапаттуу сүрөттөрдөгү өзгөчө көз ирмемдер төмөнкү багыттарда сунушталат:

  • “Майрам деген майрам!”;
  • “Бала жана маданият”;
  • “Тентек балдар”;
  • “Жаратылышка чыкканда”;
  • “Китеп окуйлу”;
  • “Боорум эзилгиче күлдүм”;
  • “Компьютер менен “сен” дегенде”;
  • “Менин балам – гений”;
  • “Мастер класста иштейбиз.”;
  • “Баламдын белеги”;
  • “Алгачкы кадам”;
  • “Муундардын баарлашуусу” (чоң ата, чоң апа,таене,таята);
  • “Самын менен достошом”;
  • “Мен мугалим болгондо”;
  • “Мага жарашабы?”;
  • “Улуттук кийим”;
  • “Атам менен селфи”;
  • “Апам менен селфи”;
  • “Досум менен селфи”.

Сынактын шарттары:
1. @3tonkiyinkech  Instagram  баракчасына жазылып,
2. Сынакка чыккан сүрөттү өз баракчаңызга жүктөп, #@3tonkiyinkech хештегин жана сүрөттүн темасын жазасыз
3. Сүрөт чоң планда (крупный план), бажырайып тартылышы керек жана өтө сапаттуу болууга тийиш.

Конкурска сүрөттөрдү кабыл алуу 15-мартка чейин уланат. Андан кийин сүрөттөргө добуш берүү башталып, эң көп добуш алган сүрөт жеңүүчү болуп табылат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM