Биз менен байланышыңыз

Абактагы Садыр Жапаров тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды

Кыска кабар | 1 Мар 2020 | 1438 | 0

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Садыр Жапаров эртең, 2-мартта тарапташтарын митингге чыкпай эле коюуга чакырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов өзүнүн “Фейсбук” баракчасына бүгүн жарыялады.

Садыр Жапаров өзүнүн кайрылуусунда эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн экендигин айтып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болгонун айткан.

—  Урматтуу Кыргызстандыктар! Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым, 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эле республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат. Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, «чыкпай эле коюңуздар» деп тарапташтарымдан суранып кетет элем, — деп билдирген Жапаров.

Ошондой эле ал, азыр Кыргызстанга ызы-чуунун кереги жоктугун жана ага бир адамдын мурдунан кан чыкканын каалабай турганын кошумчалап:

-Аман болсом, Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында иштер жүрүп жатат, — деп элге кайрылды.

Ошол эле учурда айрым активисттер Садыр Жапаровдун кайрылуусун «жалган» деп баалап, эртең митингге чыга тургандыктарын билдиришүүдө.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM